ММК KG тууралу

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
19/12 12:34
 

Кыргызстанга сырттан агылган каражаттын көлөмү артууда

19-декабрь. Улуттук банк Кыргызстанга сырттан которулган каражаттардын эсебин чыгарып, анын суммасы өткөн жылга салыштырмалуу бир топ көбөйгөнүн аныктады. Мисалы, 2016-жылдын январь айынан тарта октябрга чейин биздин мекендештерибиз Кыргызстанга 1 млрд. 660,2 млн. доллар которгон. Бул сумма өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 240,5 млн. долларга көп. 2015-жылдын 9 айында болсо Кыргызстанга сырттан которулган каражаттын суммасы 1 млрд. 417,9 млн. долларды түзгөн.

Улуттук банк бул каражаттардын дээрлик бөлүгү Россия жана Казакстанда иштеп жаткан мигранттар тарабынан которулганын билдирет. Мисалы, 2015-жылдын январь-октябрь айларында Россиядан которулган каражаттын суммасы 1 млрд. 366,9 млн. долларды түзсө, бул жылы аталган сумма 18 пайызга артып, Кыргызстанга 1 млрд. 615,1 млн. доллар которулган.

Кыргызстанга Россиядан которулган каражаттын көлөмү 2014-жылы кескин азайып кеткен. Ал кезде орус рублинин куну түшүп, Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 рубль 90 тыйындан сатылып калган.

Булак: focus.kg

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу