ММК KG тууралу

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/12 10:24
 

Москвада Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү өтөт

16-декабрь. Көргөзмө кыргыз товарларын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында таанытуу максатында уюштурулууда.

Бүгүн, 16-декабрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде кыргыз товарларынын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу элчилик билдирди. Маалыматка ылайык, Москва шаарында өтө турган көргөзмөгө эт азыктары, кургатылган мөмө-жемиштер жана консерваланган азыктар коюлат.

"Мындай чоң көргөзмө алгачкы жолу өтөт. Иш-чара кыргыз товарларын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагына жайылтуу максатында уюштурулуп жатат. Ага ЕЭАБдин өкүлдөрү жана башка консулдуктар дагы катышат", — деди элчиликтин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова.

Көргөзмөнүн расмий ачылышы 12:00дө Большая Ордынка көчөсүндө болуп, 18:00гө чейин уланат. Аны Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен кыргыз ишканаларынын ал жактагы өкүлчүлүктөрү уюштурууда.

Булак: Спутник Кыргызстан

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу