ММК KG тууралу

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/12 16:45
 

Кытайлыктар Кыргыз жергесинен мунай табууну көздөшүүдө

15-декабрь. Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик агенттик Кытайдын Паньцзинь шаарынын администрациясы менен "Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тармагындагы кызматташтыкты жакшыртуу тууралуу" меморандумга кол койду. Бул тууралуу агенттиктин расмий сайтында кабарланат.

"Меморандумдун негизги максаты - агенттик менен Паньцзинь шаарынын кызматташтыгын жакшыртуу, ошондой эле "Лэнд Оушен Энерджи Сервис Ко ЛТД" компаниясы жана "КНГ Гидрокарбонс" жабык акционердик коомунун долбоорлорун ишке ашыруу", - деп жазылат маалыматта.
Долбоорлордо мунай иштетүүчү заводдорду куруу, оңдоо, иштетилчү аймакты реконструкциялоо, мунайды казуу жана өлкөнүн аймагынан мунай табуу каралган.

Айта кетсек, "КНГ Гидрокарбонстун" Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр аянтында мунай жана газ иштетүүгө лицензиясы бар.

Булак: “Супер- Инфо”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу