ММК KG тууралу

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
14/12 16:38
 

Сасык тумоо Ош менен Баткенде күчөп жатат

14-декабрь. Сасык тумоо республиканын айрым аймактарында басаңдаганы менен, кээ бир облустарда кайра күчөп, мектептердеги карантиндер уланууда.

Ош, Чүй облустары жана Бишкек шаары боюнча сасык тумоого кабылгандардын саны 6,4 пайызга азайганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү медициналык жардам сурап кайрылгандар 8735 адам болсо, кечээ бул сан 8169га түшкөн. "Ошол эле учурда сасык тумоо Баткенде 27, Ошто 13 жана Ысык-Көлдө 4 пайызга өсүп кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Сасык тумоонун мындан аркы жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында региндордо айрым мектептер жабылды. Чүй обулусунда —11, Жалал-Абад облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 8, Ош облусунда – 1 мектеп карантинде. Ал эми учурда Бишкек шаарында баардык мектептер иштеп жатат.

Республикада күн сайын сасык тумоого чалдыккандар боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.

Булак: Спутник Кыргызстан

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу