ММК KG тууралу

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/12 13:13
 

Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Шайлоонун жыйынтыгы Ташиев, Мадумаровдун доору бүткөнүн ырастады, “Ата Мекен” лидерин алмаштырышы керек”

- Марат мырза, элибиз жаңы Башмыйзамды кабыл алып, ага добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 80 пайызга жакыны “ооба” деп добуш беришти. Буга чейинки референдумдар менен азыркы жалпы элдик добуш берүүнүн кандай айырмасын байкай алдыңыз?

- Салыштырса болот. Буга чейиин көп эле референдум болгон. Бул жолу анын мааниси башкача болду. 11-декабрда өткөн жалпы элдик добуш берүүдө биринчи жолу президент өз укуктарын өкмөт менен парламентке берип жатат. Мурдагы президенттер болсо Башмыйзамды өзүнүн укуктарын көбөйтүү үчүн өзгөртүп келген.

- Референдум менен бирге жергиликтүү кеңештердин да шайлоосу өттү. Дал ушул шайлоодо түштүктө, өз кичи мекенинде кадыры күчтүү саналган А.Мадумаров менен К.Ташиев артта калды. Мадумаровдун партиясы түштүктөгү шаарларда 7 пайыздык чекке жетпей куласа, Ташиевдин “Ата Журту” эптеп 7 пайызды басып өткөн экен. Мындай жыйынтык эмнеден кабар берет деп ойлойсуз?

- Менин оюмча, бул саясатчылардын доору бүттү. Алар буга чейин бийликтин жогору чегинде иштеп натыйжа көрсөтө алган жок. Демек, алар кичи мекенинен колдоо таппагандан кийин бул алардын саясий доору бүткөнүнөн кабар берет.

- “Ата Мекен” партиясын Нарын, Жалал-Абад шаарлары жакшы колдоого алып келген. Бул жолку шайлоодо теңир-тоолуктар, жалал-абаддыктар Текебаевдин партиясын колдоодон баш тарткан экен. Мунун себеби эмне деп ойлойсуз?

- “Ата Мекен” партиясы бардык жерден утулду. Азыр эл башка, калктын саясий сабаттуулугу бир топ жогорулаган. Булар лидерин алмаштырбаса шайлоодон жеңиле берет.

Булак: focus.kg

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу