ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
04/04 16:16
 

Мэр баланы иттен сактап калган троллейбустун айдоочусуна сыйлык тапшырды

4-апрель. Албек Ибраимов айдоочу Мелис Калмырзаевди көрсөткөн эрдиги жана баланы куткарып калгандыгы үчүн анын аты жазылган саатты белекке берди.

Бүгүн 4-апрелде борбор калаанын башчысы Албек Ибраимов "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын троллейбусунун айдоочусу Мелис Калмырзаевди көрсөткөн эрдиги жана баланы куткарып калгандыгы үчүн анын аты жазылган саатты белекке берди.
Эске салсак, 2016-жыдлдын 30-мартында №4 троллейбустун айдоочусу "Ак-Тилек" жаңы конушундагы аймакта (Совет көчөсүнөн төмөн карай) светофордун жанынан божомолдуу ротвейлер тектүү чоң кара ит баланын бутунан тиштеп алып автоунаа жүрүүчү жакта сүйрөп жүргөндүгүн байкап калат.

Троллейбустун айдоочусу Мелис Калмырзаев троллейбусту токтотуп баланы куткарууга чуркайт. Ага ошондой эле жаш жигиттер жардамдашып тогуз жаштагы баланы сактап калышкан.

Бүгүнкү күндө бала Бишкек шаарынын №3 балдар ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүндө жатат. Башкы дарыгер Талант Өмүрбековдун айтымында ал "оң жамбаш, оң бут жана сол бутунун таманы жагынын тиштелген"деген диганоз менен жаткырылган. Азыр баланын абалы канааттандыраарлык, ал жакында ооруканадан чыгарылмакчы.

Иттин ээси компенсация төлөп берүүгө милдеттенген, ошондой эле жаныбар кутурмага каршы эмделгендиги тууралуу маалымданы көрсөткөн.
Свердлов районунун ИИБсинин тергөө бөлүмүндө болуп өткөн окуя боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Булак: Кабар ордо
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу