ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
31/03 15:19
 

Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору көк бөрү оюну үчүн жаңы тай казан даярдап жатат, ал 9-майда элге көрсөтүлөт

31-март. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюнунда жаңы тай казан колдонулат. Бул тууралуу SUPER.KGпорталына Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов билдирди.

Анын айтымында, учурда оюн бүткөн соң башка орунга которгонго оңой болгон тай казан даярдалууда. Ага канча каражат сарпталары азырынча белгисиз. Жаңы тай казанды көк бөрү сүйүүчүлөрү 9-Май - Жеңиш күнүнө карата уюштурулган ат оюндарында көрө алышат. "Тай казандын тулкусу металлдан болот. Аттын буттары урулганда ооруксунуп калбаш үчүн ага атайын кездеме капталат. Жер 50 сантиметр казылып, цемент куюлган жерге тай казан орнотулат. Анан түбүнө бурама буралып, бекитилмекчи",-дейт А.Касенов.

Кошумчалай кетсек, учурда Улуттук спортту өнүктүрүү борбору II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүүдө. Оюндар 3-8-сентябрь аралыгында орун алмакчы.

Булак: “Супер инфо”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу