ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
30/03 10:08
 

Жөлөкпул алгандардын саны азаюуда

30-март. Кыргызстанда мамлекеттен жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны азаюуда. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Былтыркыга караганда мындай жарандардын саны 2% кыскарды.

Мекеменин маалыматына караганда, бул бөлүнгөн акчанын чынында муктаж болгондорго гана берүү иши жакшырганына байланыштуу болууда.
Ал эми жөлөкпулдун өлчөмү аныктала турган сумма 15% жогорулады.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 300 миңден ашуун адам жөлөкпул алат. Бул үчүн өкмөт жыл башынан бери 510 миллион сом бөлдү. (RK)

Булак: «Азаттык»
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу