ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
29/03 16:33
 

Ала-Бука районунда ар бир айыл өкмөтүнө 20 млн сомдон жеңилдетилген кредит берилди

29-март. Акыркы учурларда калктын турмуш-шартын жакшыртуу маселеси Өкмөт тарабынан колдоого алынып, бир нече иш аракеттер жасалууда. Ал тургай ЕАЭБге кирип, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү багытындагы берилүүчү Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусунун 12, Өкмөттүн 10 пайыздык насыялары адамдардын кызыгуусун жаратып, дыйкан, фермерлер “Айыл Банк” жана “РСК банктарга” барып, кадам үзүлбөй калды. Биз да андан четте калбай, айтылып жаткан насяларды кимдер алып жатат? Кандай шарттар менен кантип алса болот? Деген суроолордун тегерегинде “РСК Банкынын” районубуздагы бөлүмүнүн жетекчиси Уранбек Ибраимовго кайрылдык.

-Өкмөттүн 10 пайыздык насыясы негизинен айыл чарба жана мал чарбасына багышталган. Тамчылатып сугаруу, күнөскана куруу, талаачылык, өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетүү, сок чыгаруу, мал жандык алуу, ушул сыяктуу программаларга берилип жатат. Район элинин басымдуу бөлүгү жер иштетип, малчылык менен алектенгендиктен, жеңилдетилген насыя алгандар көп. Быйылкы жылы биздин банкка 1 млрд. сом бөлүнүп, ал сегиз айыл аймакка план боюнча 20 млн. сомдон берилди.

Ар бир насыя берүүчү Банктын, кичи кредиттик компаниянын өздөрүнүн шарттары болот. Бизде жөнөкөй дыйканбы же жеке ишкер болобу, эч бир киреше булактары жок болсо, анда аларга насыя берилбейт. Эгер айыл чарбасына ала турган болсо, ошого жараша, мал чарбасына жумшаса, ошол боюнча документтер талап кылынат. Ошондой эле насыяны туура пайдаланып, киреше алуусуна багыт беребиз.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 12 пайыз менен берилүүчү насыя 1 млн. дон жогорку сумманы алуучу кичи жана орто бизнесин кеңейтүүчүлөргө, ири инфраструктуралык долбоорлорго, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү өнөржайы, багбанчылык же малдын асыл тукумудуулугун калыбына келтирүү сыяктуу долбоорлорго берилет. Күнөскана курууга фонддон насыя алам десе, сөзсүз куруучу фирмалардын же ишканалар аркылуу ала алышат. Дагы кошумчалай кетчү нерсе, кардарлардын өздүк катышуу үлүшү болушу керек.

Булак: Ала-Бука райондук “Айыл акыйкаты” гезити.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу