ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
29/03 15:47
 

Жалал-Абадда арзан жер семирткичтер аймактарга жетпей жатат

29-март. Мындай маалымат бүгүн облуста өткөн жыйын учурунда айтылды. Ага ылайык, өткөн айда Өзбекстандан темир жол аркылуу келген 4 миң тоннадан ашык жер семирткичтердин көпчүлүгү азыр мамлекеттик резервдер фондунун кампасында сакталууда. Айыл өкмөттөр арзан баадагы жер семирткичтерди жеткирүүдө иш алып барбай жаткандыктарына да нааразылыктар айтылды. Негизинен Аксы, Ала-Бука райондорунда иш солгундугу байкалат.

Быйылкы жазгы талаа жумуштары үчүн 40 миң тоннага жакын жер семирткич керектелсе анын 30 % камсыздалды.
Өзбекстандан келген азот 16 сом 50 тыйын, карбомид 18 сом 30 тыйындан ортомчусуз сатылууда.(RsK)

Булак: Азаттык

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу