ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
29/03 14:52
 

Борбор калаада "Түкүрбө" деген жабыштыргычтар пайда болду

29-март. Аны демилгелеген Бишкек шаарынын тургуну Куштар Мамбеталиев мындай идея ага бир жыл мурда эле келгенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ал өзүнүн идеясын мэрияга бир канча жолу сунуштаган.
"Жабыштыргычтарды кечээтен тарта чаптап баштадым. Мэрия тараптан эч кандай реакция болгон жок. Мени колдогондор да бар, бирок азырынча мунун барын өзүм эле жасап жатам. Учурда ушундай жабыштыргычтарды жайылтып жатам, кийин башкача дизайндары чыгат", — дейт активист.

Ал көчөдөгү какырык-түкүрүктөр үчүн чет жактан келгендерден уяларын айтат. Анын айтымында бул коомдун жалпы көйгөйү. Андыктан аны чечүүдө коомчулуктун көңүлүн буруу керек.

Бир жабыштыргычтын наркы 5 сом. ага кеткен чыгымды Мамбеталиев өз чөнтөгүнөн төлөп жатат.

Бир жабыштыргычтын наркы 5 сом. Ага кеткен чыгымды Мамбеталиев өз чөнтөгүнөн төлөп жатат.
"Эгер демөөрчү болгондо жабыштыргычта анын жарнамасы да жайгаштырылмак. Кээ бир кишилер аны менден сатып алып жайылткылары келгенин айтышууда. Азырынча аларга ишене бербегендиктен бергеним жок", — деди ал.

Мамбеталиев "айрым" кишилер үчүн "Ээ, тууган, түкүрбө!" (Ээ, брат, не плюйся!) деген жабыштыргычтар чыгарыларын кошумчалады.
Активист жабыштыргычтар имараттарга, аялдамаларга жана коомдук транспортко алардын ээлеринин уруксаты менен гана чапталарын баса белгиледи.

Ал эми шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы Мамбеталивди мэрияга чакырып, анын демилгеси боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөшүү болорун билдирди.

Булак: Спутник

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу