ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
29/03 11:24
 

Ат-Башы районунда Ичке-Таш-Рабат каналынун курулушу быйылкы жылдын планына кирбей калган

29-март. Ат-Башы районунда жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйыны өттү. Анда райондун акими Ж. Субагожоевдин отчету угулду. Жыйында депутаттар ар кандай маселе менен чыгышты. Кара-Коюн айылдык кеңешинин депутаты Белек Мамбетакунов “Ичке -Таш-Рабат” каналынын курулушу тууралуу маселе көтөрдү.

Ал боюнча район башчысы төмөнкүдөй жооп узатты: “Ичке-Таш-Рабат каналы чынында быйылкы жылдын планына кирбей калды. Себеби, финансы министрлигинен акча каражаты бөлүнгөн жок. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылганбыз. Ал эми асфальт-бетон заводу боюнча сүйлөшүүлөр болгон, кайсыл жерге курулаары айтылган. Бул маселе Президенттин көзөмөлүндө. Буюрса бүтөт. Логистикалык борбор бажыкана менен өнөктөш болуп курулсун деген жобо чыгып калган. Аны бизден эч ким тартып кетпейт. Аэропортко курулсун деген чечим чыкпай жатат. Тиешелүү жерлерге кайрылып жатабыз. Өкмөт билет, чечилет деген ишеним бар. Комиссия жерди аныктап, курууга болот деп кагаз жөнөткөн, борборду ким салса да баары бир биздин жерде болот. Ал дагы буюрса ишке ашат. Бул маселе боюнча тиешелүү жерлерден жоопторду алып бергенге аракет кылабыз”.

Булак: гезит “Ат-Башы жаңылыктары” 30-март 2016-жыл

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу