ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
28/03 14:43
 

Прокуратура Сатыбалдиев, Турсункуловду 10 жылга кесүүнү сурады

28-март. Апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сотто мамлекеттик айыптоочулар мурунку баш прокурор Нурлан Турсункулов менен президент Бакиевдин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевди тынч элге ок атууга жолтоо болушпаганы үчүн айыптуу деп табышты.

Ал эми УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду мүлкүнөн ажыратуу менен 20 жылга, президенттик катчылыктын экс-жетекчиси Оксана Малеванаяны мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороевди мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Ошондой эле мамлекеттик айыптоо мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевди актаган соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырууга макулдугун билдирди.

28-мартта Республикалык аскер гарнизондунда апрель окуясы боюнча соттук териштирүү уланды. Анда тараптардын жарыш сөзү уланды.(ZKo)

Булак: Азаттык

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу