ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
25/03 16:25
 

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев Аксыдагы чек арачыларга барып жолугушту

25-март. 23-март күнү Жогорку Кеӊештин депутаты, эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсү Кыдыралиев Үмбөталы Токторалиевич Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү Өзбекстан менен талашка түшкөн, Сары-Булак участкасында чек арада турушкан чек арачы жоокерлер жана ИИМдин атайын даярдыктагы (спецназ) жоокерлеринин абалынан кабар алып, баарлашып, өзгөчө кырдаалда мекен кайтарып турушкан азаматтарыбызга моралдык жана материалдык колдоо көрсөттү.

Депутат өз сөзүндө “Мекенди коргоо - ар бир кыргыз жаранынын милдети, ошондуктан сиздерге бекем ден соолук каалайм! Азыркы өзгөчө кырдаалда сиздер мекен чегинде турганда, эл ичинде тынчтык жана бейкуттук өкүм сүрөт! Мен дагы катардагы жаран катары, о.э. парламенттеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсү катары Жогорку Кеӊеште бул маселенин тезирээк жана дипломатиялык жол менен чечилүүсүнө аракет кылам. Сиздерге рахмат! Мекенге кылып жаткан өзгөчө кызматыңыздарга ыраазычылык билдирем!"- деди.

Булак: INTER.KG

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу