ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
19/02 12:44
 

КСДП мэрликке Албек Ибраимовдун талапкерлигин сунуштады

19-февраль. 18-февралда шаардык кеңештеги фракция мүчөлөрү Ибраимовдун талапкерлеигин колдошту
Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясы мэрдин кызматына Албек Ибраимовдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу чечим бүгүн, 18-февралда фракция жыйынында кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 9-февралда мурдагы калаа башчысы Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүү тууралуу арыз берген. Өзүнүн мэрликтен кетип жатышынын себебин Кулматов үй-бүлөлүк жагдайлар менен байланыштырган.
Кулматовдун ордуна социалдык иштер боюнча вице-мэр Айгүл Рыскулова мэрдин милдетин аткаруучу болууда.

Парламентте шаар башчысына талапкерлер тууралуу алдын ала маалымат беришкен.
Мүмкүн болуучу талапкерлердин арасында Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Марат Аманкулов, "Манас" аэропортунун экс-жетекчиси Албек Ибраимовдордун ысымдары аталган.

Белгилей кетсек, эки талапкер тең-КСДП фракциясынан. Бүгүн, шаардык кеңештеги фракция мүчөлөрү Ибраимовдун талапкерлеигин колдошту.
Аталган фракциядан тышкары шаардык кеңештин коалициялары жана премьер-министр талапкер сунуштай алат.

Булак: “Кабар Ордо”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу