ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
19/02 12:43
 

Ѳмүрбек Текебаев: “Ахматбек Келдибекович өз кызыкчылыгын көздөгөн эмес деп ишеничтүү айта алам”

19-февраль. Мындай пикирин Бишкек шаардык Сотунда болуп жаткан Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук териштирүүдө күбө катары өтүп жаткан Ата-мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди:

«Өз партиялаштын кызматка койуу, биз өткөн партиялык башкаруу системасынын принциптерине толук жооп берет жана эч кандай бир чектен ашуу же мыйзамсыз иш — аракет катары баалабайт элем. Себеби,мен өзүм деле ушундай абалда ар-дайым болуп келген адам катары айтып жатам. Ахматбек

Келдибекович «Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бир жана ошол кездеги төрага катары, бул жерде өз кызыкчылыгын көздөгөн эмес деп ишеничтүү айта алам. Бул парламенттик системасынын табияты.» — деди, Текебаев.

Ал эми, Ахматбек Келдибековго күнөө катары коюлуп жаткан Жогорку Кеңештин Орусиядагы атайын өкүлчүлүгү боюнча суроого мындайча жооп берди:
— «Мындай өкүлчүлүк Орусияда эле эмес, башка мамлекеттерде деле ачылса толук мыйзам ченемдүү нерсе. Бирок, ошол токтом өз күчүн жоготту деп, бир жылдан кийин жокко чыгарылып, өкүлчүлүк жабылган. Көп убакыт өттү жана ошол кырдаалдын аки-чүкүсү эсимде жок. Бирок, бир нерсени так айтам — бүгүнкү күндө бул маселе эбак эле актуалдуулугун жоготту деп эсептейм жана Ахматбек Келдибеков мамлекетке же коомго зыяны тийчү адам катары каралбаш керек.»

Булак: "Маалымат kg”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу