ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
19/02 12:35
 

Түрк туристтердин кыргыз өлкөсүнө болгон кызыгуусу күчөп жатат

19-февраль. Түрк туристтердин кыргыз өлкөсүнө болгон кызыгуусу күчөп жатканын USAID-дин изилдөөлөрү көрсөттү. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, түрк туристтерин өзгөчө Бурана, Аль Сарахи байыркы көрү жана Саймалуу Таш петроглифтери кызыктырат. Изилдөөдө боз үйдө жашоо, көчмөндөрдүн оюндары жана кыргыз тамак-аштары, музыкасы Түркиядан келген конокторго кызыктуу болору айтылган. Андан тышкары, изилдөөнүн бет ачарында, Түркиядан туристтердин келишине өбөлгө түзүү боюнча рекоммендациялар берилген.

Кыргызстандын туризм жааты үчүн Түркия чоң жана изилдене элек рынок болуп эсептелет. Ошону менен бирге, Түркиянын туристтик операторлору жаңы багыттарды ачууга кызыкдар. Изилдөөгө ылайык, 2014-жылы 8,3 миллион түрк жарандары иш жана эс алуу үчүн дүйнөнүн ар тараптарына сапар алышкан. Жыл сайын, 300 миңден ашуун түрк туристтери адаттагыдай эмес туристтик багыттарга барып турушат.

Бул изилдөөнү USAID “Эгемендик” аттуу кыргызстандык түрк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн бирикмеси менен бирге өткөргөн. Жакын арада USAID Кыргызстанды туристтик багыт катары түрк жарандары арасында белгилүү кылууга кызыкдар жактарды колдоону пландаштырып жатат.

Булак: “Супер инфо”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу