ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
17/02 17:27
 

Булак: Белоруссиянын күч түзүмдөрүнө Анапияевди өлтүрдү делген жаран кайда экени маалым

17-февраль. Белоруссиянын Ички иштер министрлиги Анапияевди өлтүрүүгө шектелген адам өлкө аймагынан сырткары жүргөнүн болжоп жатат.
Белоруссиянын милициясы кыргыз крим төбөлү саналган Анапияевди өлтүрүүгө шектелген жаранды издөө чараларын улантып жаткандыгы тууралуу Sputnik Белоруссия агенттиги Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазып чыкты.

"Кылмышка шектелген адамды издөө чаралары улантылып жатат. Ага эл аралык издөө салынган", — деп Sputnik агенттигине Белоруссиянын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Константин Шалькевич билдирди.
Ал кылмышка шектүү адам Белоруссиянын аймагынан сырткары жүргөнү тууралуу негиз бар экенин айтты. Бирок, кайсы өлкө тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Белоруссиянын тыңчылары Анапияевди өлтүрүүгө шектелген жарандын жайгашкан жерин билген адамдарды маалымат менен бөлүшүүгө чакырат.
Ал эми Белоруссиянын Ички иштер министрлиги башка иликтөө иш-чаралары тууралуу маалымат менен бөлүшкөн жок. Алардын айтымында ишти Белоруссиянын тергөө комитети жүргүзүп жатат.
Бирок, Sputnik Белоруссия агенттигинин ишенимдүү булагы Укук коргоо органдарында Анапияевди өлтүрүүгө шектелген жарандын жайгашкан жери тууралуу маалыматтар бар экенин айтат. Анын айтымында шектүү адам жылуу мамлекеттердин биринде жашынып жүрөт.

"Менин оюмча алар бул маалыматты кесиптештери менен бөлүшкөн. Себеби, алар кылмышкердин бетин ачууга кызыктар", — деп кошумчалайт булак.

Мындан сырткары агенттиктин маектеши кылмыштын бети бир күнү сөзсүз ачыларын айтып, бирок башка күчтөр анын билинбей калышына кызыктар болорун эстен чыгарбоо керектигин эскертет.

Эске салсак, Кыргызстандын жараны, крим төбөл Алмамбет Анапияев 2015-жылдын февраль айында Минск шаарында киши колдуу болуп өлгөн. Анын денесине бир нече жолу бычак сайылып, сөөгү унаанын арткы багажынан табылган.
Анапияев 2003-жылы уурулук боюнча сегиз жылга камакка алынган. Бирок, үч жылдан кийин эркиндикке коё берилген. Адам урдоого шектелип, эл аралык издөөгө алынган. Акыркы маалыматтар боюнча Анапияев Дубайда жашап келген. Ал эми АКШнын атайын кызматынын маалыматы боюнча Анапияев "Братский круг" деген топтун курамында болгон. "Братский круг" – бул мурдагы СССР мамлекеттеринен чыккан криминалдык топ.
Анапияев 2010-жылдан тарта Эл аралык алыш күрөшү боюнча ассоциациянын жетекчиси болуп келген.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу