ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
17/02 15:31
 

Сейрек кездешчү жаныбарларды жеке менчикке кармоого тыюу салынат

17-февраль. Кызыл китепке кирген, ошондой эле өзгөчө коргоого алынган, илимий жана эстетикалык баалуулугу бар сейрек кездешчү жаныбарлар жеке менчикке берилбейт. Мындай норма "КРдин жаныбардар дүйнөсү" тууралуу мыйзамынын жаңы редакциясына киргизилет. Бул мыйзам бүгүн, 17-февралда үчүнчү окуудагы режимде каралып жатат.

Сейрек кездечү жаныбарларды менчик колго багууга болбойт.

"Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров "КРде жаныбарлар дүйнөсү баалуу, биосфераны турукташтыруучу жана жөнгө салуучу, баардыгы тарабынан кайтарылган жана рационалдуу пайдаланыла турган компонент" деген берененин алынып калганына нааразы болду.

"Эмне үчүн бул беренени алып салып жатасыздар? Эгерде сейрек кездешүүчү жаныбарлар мамлекеттин менчиги болсо аны тактап жазып коюш керек",-деп билдирди Жапаров. Бирок демилгечилер мындай норма мыйзамда бар экенин, болгону көңүл коюп окуу керектигин эскертишти.

Булак: Кабар ордо

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу