ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
17/02 13:08
 

2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия 10-11%га жогорулайт

17-февраль. Кыргыз мамлекетинде 2016-жылы пенсияларды көтөрүүгө 854 миллион 460 миң сом каражат каралган. 2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын суммасы 10-11 пайызга чейин көбөйүшү күтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 17-февралдагы жыйынында Социалдык фонддун башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев билдирди.

Ар бир пенсионердин пенсиясына орточо 400 сомдун тегерегиндеги сумма кошулат. Пенсияларды чегерүү жана жеткирүүгө кетчү чыгымдар 354 миллион 734 миң сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Пенсия чегерүү жана кайра эсептөө үчүн бланктарды сатып алууга, пенсиялык иштерди Социалдык фонддун бардык аймактык башкармалыктарына жеткирүүгө 8 миллион 500 миң сом, пенсия төлөө боюнча кызмат көрсөтүүсү үчүн "Кыргыз почтасы" ишканасына 295 миллион 150 миң сом жана коммерциялык банктарга 51 милллион 083 миң сом сарпталары айтылды.

Булак: “Супер Инфо”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу