ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
17/02 10:03
 

Өкмөт 1 айдан кийин электр энергиясынын баасын дагы көтөргөнү жатат

17-февраль. Өкмөт апрель айында электр энергиясынын тарифтерин дагы көтөрүү аракетинде. Маселе 16-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинде каралып, депутаттар мындай аракетке каршылык билдиришти.

Белгилей кетсек, 2015-жылы тарифтер бир нече жолу жогорулаган. Мисалы: өкмөт 2014-жылы электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизип, 2015-жылдын 1-январынан тарта электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 70 тыйын, 700 киловаттан ашканына 1 сом 20тыйындан төлөө тарифи коюлган. Өндүрүш ишканаларына 1 сом 38 тыйын деп бекитилген.

Өкмөттүн башка чечими менен 2015-жылдын 31-мартынан баштап электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 70 тыйын, 700 киловаттан ашканына 1 сом 82 тыйындан төлөө тарифи коюлган. Өндүрүш ишканаларына 1 сом 97 тыйын деп бекитилген.

2015-жылдын 1-августунан тарта тарифтер кайра өзгөргөн. 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 77 тыйын, 700 киловаттан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөө тарифи коюлганы маалым. Өндүрүш ишканаларына 2 сом 24 тыйын деп бекитилген. Учурда ушул тариф күчүндө. Жогорудагы тарифтердин баары Казакстандан импорттолгон электр энергиясынын наркын эске алуу менен коюлган.

Булак: “Супер Инфо”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу