ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/02 17:54
 

Таякесинин алмаштыруучу жайына уурулукка кирген жээни кармалды

16-февраль. 7-февраль күнү болжол менен саат 4:00дө Байтик-Баатыр жана Скрябин көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайга уурулар кирген. Алар ал жактын кызматкерин бутуна сайып, 36 миң АКШ долларын жана 485 миң рубль алып кетишкен. Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин жыйынтыгында, кылмышка шектүү катары Боромбай, Асылбек жана Жаныбек аттуу балдар кармалды. Муну, бүгүн, 16-февралда Октябрь РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан АйтбаевSUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, акча алмаштыруучу жайга белгисиз 3 адам кирип ал жакта иштеген Асылбекти бутуна сайып, 36 миң доллар жана 485 миң рубль уурдап кетишкен. Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында, бутунан жаракат алган Асылбек өзү достору менен бул ишти кылгандыгы белгилүү болду. Алар импровизация кылуу жолу менен таякесинин акча алмаштыруучу жайынан акчаларды уурдап кетишкен. Ошондой эле, акчадан сырткары уурулар байкоочу камеранын дискин да алып кетишкен. Кылмыш ишти териштирүүнүн жүрүшүндө жээни баарын айтып берип, акчаларды таякесине кайтарып берген. Азыркы учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайда.

Булак: “Супер Инфо”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу