ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/02 15:37
 

Оӊ рулдуу унааларга коммерциялык жүк ташууга тыюу салуу демилгеси жактырылды

16-февраль. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында оӊ рулдуу автомашиналарды колдонуу көйгөйлөрүн жөнгө салууга багытталган "Автомобиль транспорту жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" КР мыйзамынын бириктирилген долбоору тууралуу ("Автомобиль транспорту жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу") мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин депутаттары Иса Өмүркулов менен Алтынбек Жунус улуу оӊ рулдуу автомашиналарды жүргүнчүлөр менен коммерциялык жүктөрдү ташууга тыюу салуу мөөнөтүн 2020-жылдын 1-январына чейин узартуу демилгесин көтөргөн. Жаӊыдан күчүнө кирген мыйзамга ылайык, ага 2016-жылдын 1-январынан тарта тыюу салынган. Биринчи окуу жүрүшүндө эки депутаттын мыйзам долбоорлору окшош болгондуктан, аларды бириктирүү сунушу берилген болчу.

Тармактык комитеттин мүчөлөрү "Автомобиль транспорту жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" КР мыйзамынын бириктирилген долбоору тууралуу ("Автомобиль транспорту жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу") мыйзам долбоорун талкуусуз эле экинчи окууда парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келишти.

Булак: «Кабар ордо»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу