ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/02 15:23
 

Сейил бактагы мыйзамсыз кыйылган дарактар боюнча комиссия түзүлдү

16-февраль. Фучик сейил багындагы дарактын кыйылышы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясы ыкчам комиссия түздү. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, комиссиянын курамына райондун ИИБ жана прокурату жана «Жашылдандыруу» МИ кирди.
Сейил бактагы мыйзамсыз кыйылган 20 даракка Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан акт түзүлгөн.
Учурда Ленин районунун ИИБ ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы тарабынан келтирилген чыгымдын баасы эсептелинүүдө.

Ленин райондук администрациясы тарабынан прокуратурага Фучик атындагы парктагы 1,14 га жер участкасын К.Б. Абдулдабек аттуу жаранга жеке менчикке берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча кат жөнөтүлгөн.

Булак: «Кабарлар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу