ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/02 15:11
 

Кувейт Эмиринин уулу Боз үйдө жашоону кыялданат

16-февраль. Кыргызстандын Кувейттеги “Маданият күндөрүнүн” алкагында бүгүн, КР Маданият, маалымат жана турзим министри Алтынбек Максүтов Кувейт Мамлекетинин Эмиринин администрация башчысы шейх Насер Сабаха аль-Ахмеда аль-Джабера аль-Сабаха менен жолугушту. Бул тууралуу маданият министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Шейх Насер Сабаха аль-Ахмеданын резиденциясында өткөн жолугушууда маданият жана маданий алака тууралуу пикир алышты. Ошондой эле ушул жылдын күз айларында өтүүчү Кыргызстандагы Кувейттин “Маданият күндөрү” пландалды. Кыргыздын кылым карыткан маданияты жөнүндө кеп болгондо шейха Насер Сабаха аль-Ахмед боз үйүдө жашоону кыялданаарын билдирди.

КР Маданият маалымат жана туризм министри А.Максүтов Кувейт Мамлекетинин Эмиринин администрация башчысын 2016-жылдын сентябрь айында боло турган Дүйнөлүк II Көчмөндөр оюнуна катышууга чакырды. Шейха Насера Сабаха аль-Ахмед Көчмөндөр оюнуна маданий өкүлдөр менен келээрин билдирди.

Булак: «Кабарлар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу