ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/02 18:31
 

Орусияда Зика вирусун жуктуруп алган алгачкы жаран катталды

15-февраль. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Роспотребнадзор билдирди. Вирус Доминикан республикасында эс алып келген аялдан табылган. Оорунун алгачкы белгилери Москвага кайтып келээр замат байкала башталган. Бейтап келген учак жана анын жүргүнчүлөрү толук текшерүүдөн өткөрүлдү.

Америка континентинин кеминде 26 өлкөсүндө катталган Зика вирусуна каршы вакцина же аны дарылоонун жолу азырынча табыла элек. Вирус эң көп жайылган өлкө - Бразилия вакцина ушул жыл ичи иштелип чыгат деп үмүттөнүүдө.
Башаты чиркейлерге барып такалган Зика вирусу же микроцефалия балдардын башы кичинекей болуп төрөлүп, мээсинин өспөй калышына себепчи болот.

Бразилияда микроцефалия илдетин жугузуп алды деп шектелгендердин саны төрт миңге жетти.

Булак: Азаттык.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу