ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/02 15:27
 

Ысык-Көлдө эшек уурдаган топ кармалды

15-февраль. Ысык-Көл районунда эшек уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлашты. Алардын бири Нарындан, экинчиси Бишкектен жана дагы бирөө Жети-Өгүздөн экени аныкталды. Милициянын маалыматына караганда, баары тең эшектин терисин сатуу үчүн жергиликтүү тургундардын короосуна ууруга кирип жүргөнүн, буга чейин 4 жандыкты уурдаганын моюнуна алды.
Корумду жана Жаркынбаев айылдарынан уурдалган 4 эшектин териси Бишкекте 4-5 миң сомго сатылганы, ал эми эти талаага калтырылганы маалым болду.
Кылмышка шектүү жарандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат. (RK)

Булак: «Азаттык»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу