ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/02 15:06
 

Кыргызстан бензин эң арзан делген өлкөлөрдүн тизмесине кирди

15-февраль. Кыргызстан КМШда баасы эң арзан күйүүчү майлоочу материалдар сатылган өлкөлөрдүн биринчи сабына чыкты

Glopbalpetroprices.com рейтингги боюнча Кыргызстан бензиндин баасы эң арзан делген өлкөлөрдүн тизмесине кирди. Бул тууралуу 11-февралда болгон басма сөз жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Медетбек Керимкулов билдирди.
Рейтинг боюнча Кыргызстан күйүүчү майдын импортуна көз каранды болгон өлкөлөрдүн арасында күйүүчү отундун арзандыгы боюнча биринчи орунду ээледи. Мындан тышкары Кыргызстан КМШ мамлекеттериндеги дагы баасы эң арзан күйүүчү майлоочу материалдар сатылган өлкөлөрдүн биринчи сабына чыкты.

Мисалы, 1-февралда АИ-92 маркасындагы бензин 33,5 сом болгон кезде, Россияда бул баа кыргыз сому менен эсептегенде-33,37 сом, Өзбекстанда-59,9 сом, Тажикстанда 51,3 сомду түздү. Бир гана администрациялык жактан бааны кармап турганы, салыгы төмөн болгону үчүн Казакстанда гана АИ-92 маркасы 26 сом болду.

Булак: «Кабар ордо»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу