ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
15/02 12:23
 

№50 СИЗОнун мурдагы жетекчиси Иманкул Телтаев тумчуктурулуп өлтүрүлгөнбү?

15-февраль. Башкы прокуратурадан маалым болгондой, № 50 СИЗОнун мурдагы жетекчиси Иманкул Телтаев тумчугуудан улам каза болгондугун экспертиза аныктады.

Мындан улам, И. Телтаев каза болгон абак СИЗО-1дин кызматкерлерине карата КР Кылмыш жаза кодексинин 304 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) – беренесине ылайык айып тагылды.

Эске салсак, өткөн жылдын 12-октябрына караган түнү Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан СИЗО-50дөн тогуз кылмышкер качып кеткен. Аларды токтотуу аракетинен улам абактын үч кызматкери ошол жерден, бири ооруканадан каза тапкан. Ал эми абак жетекчиси Иманкул Тельтаевге кызматына кайдыгер караганы үчүн айып тагылып, СИЗО-1ге камалган. Ошол жерден жетекчи каза тапкан. Анын өлүмүн СИЗО-1дин жетекчилиги өзүнө өзү кол салып, асынып алды деп билдиришкен.

Булак: INTER.KG

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу