ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
12/02 11:04
 

Кыргызстандын алтын запасынын наркы 2 млрд. сомго төмөндөдү

12-февраль. Жыл ичинде эл аралык резервдер эле азайбастан, өлкөнүн алтын запасынын баасы да төмөндөдү.
Бир жыл ичинде Улуттук банктын баалуу металл запасы 2 миллиард сомго төмөндөп кеткени тууралуу маалымат аталган мекеменин сайтына жайгаштырылган.

Өткөн жылдын 1-январына карата өлкөнүн валюта резерви 1 миллиард 957 миллион доллар болсо, быйыл жылдын башына карата 1 миллиард 778 миллион долларды түзгөн. Резерв алтындан, 12 валюта жана карыз алуунун атайын укугунан турат.
Улуттук банктын отчетуна ылайык, "баалуу металл" активинин баасы арзандап кеткен. 2014-жылдын 31-декабрына карата 10 миллиард 985,6 миллион сом болсо, бир жылдан кийин 8 миллиард 992 миллион сом болуп калган. Башкача айтканда, 2 миллиард сомго төмөндөгөн. Мунун себептери айтылган эмес.

Муну менен бирге ушул эле убакыт аралыгында Кыргызстандын бардык активдеринин баасы төмөндөгүнүн байкоого болот.
Былтыр Улуттук банк 40 интервенция жасаган. Быйыл 77,4 миллион доллар сатылып, бул алтын валюталык резервдин азайышына алып келген.

Sputnik Кыргызстан

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу