12.02.2016, 09:25

Кыргызстандын Москвадагы элчиси алмашат

12-февраль. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттөгү булактан кабарлашты. Маалыматка караганда, азыркы элчи Болот Жунусовдун мөөнөтү аяктап, анын ордуна Болот Отунбаев дайындалмакчы.
Болот Отунбаевга Москвадан агреман келип, дайындалууну күтүүдө. Ал буга чейин Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп келген. 2015-жылы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмесинде болгон. (AiT)

Булак: «Азаттык»