ММК KG тууралу

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
11/02 16:51
 

Бишкек мэри Албек Ибраимов болобу?.. Же Жамалбек Ырсалиевби?..

11-февраль. Кулматов кетип, Бишкек мэрлиги бош калганы бул орунга көз артып, тымызын мэрлик талаш улам күчөп барат. Канткен менен майлуу делген жана чоң саясый роль ойночу бул кызматка барып калышы мүмкүн болгон талапкерлердин ысымдары улам ачыктала баштады.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Бишкек мэрлигине бийликте турган КСДП бир эмес үч талапкерин: мурунку биринчи вице-премьер-министр, азыркы Мамкаттоо жетекчиси Тайырбек Сарпашев, Бишкек шаардык кеңешенин төрагасы Марат Аманкулов жана “Дастан” заводунун, “Бишкек ЭЭАнын мурунку директору, “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын азыркы башчысы Албек Ибраимовду көрсөтүүдө. “Республика” фракциясынан Алтынай Сейитбекова болсо, элден озунуп талапкерлигин расмий жарыялап жибергенге үлгүрдү. Жогорку Кеңештен КСДПнын клону аталган “Кыргызстан” фракциясынан майда чабактары эмес, лидери өзү - Канатбек Исаев мэр болсомбу деп турат. Колдоо тапсам мен деле мэр болот элем деп укук коргоочу Калича Умуралиева кечээ айрым маалымат каражаттарынан үн катты, кайсы саясий күчтөргө, кайсы фракцияга таянарын айтпаптыр. Шаардык кеңештеги ”Замандаш” фракциясы тымызын тилектештери менен тың депутаты Жамалбек Ырсалиевдин талапкерлигин алып чыга турган болууда. “Ата Мекен” азырынча талапкерлигин ачыктай элек.

Ишенимдүү булактарга таянсак, булардын ичинен реалдуулары катары КСДПнын үч талапкери, үчөөнүн ичинен “Манас” аэропортунун жетекчиси Албек Ибраимовдун талапкери айтылууда. Себеби, Тайырбек Сарпашевдин депутаттардан колдоо табаары арсар, алар колдоп берген күндө да коомчулук Сарпашевди мэр катары кабыл ала бербейт. Нары Сарпашевдин саясий оюндардын акесин заматта таанытып жиберишин билген депутаттар өздөрүнө ашыкча баш оору каалашпайт. Марат Аманкулов азыркы олтурган креслосуна топук кылып, кийинки шайлоолорго чейин тажрыйба топтоо менен алек болууну туура көрөт болушу керек. Бишкек мэрлиги бийликте же андан нары кетчү трамплин же түрмөгө түртчү опурталдуу, жооптуу орун экенин эске алсак, анда бул кызмат Аманкуловго азырынча “ысыгыраак” болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан анын талапкерлигин өйдөдөгүлөр көрсөткөнү менен өзү мэрликке андай деле жанталашпайт. Ушундан улам депутаттар бийликтеги КСДП түрткөн үчөөнүн ичинен Албек Ибраимовдун талапкерлигине токтолууга аргасыз. Биринчиден, Ибраимов саясатка аралашпай, чарба, уюштуруу иштери менен алек болуп, депутаттарга жана чоң “шептерге” көйгөй жарата бербейт. Экинчиден, анын арашандык экенин билген депутаттар эч ким айтпаган күндө да “ляппай” жүрүшүнө салып ийиши толук ыктымал. Азчылыкты түзгөн оппозиячыл “Республиканын” талапкери Сейитбекованын “тагдыры” түшүнүктүү, кокустан эле Бабанов күтүүсүз оюндарды жасап жибербесе. Барсамбы, барбасамбы деп арсар жолдо турган “Кыргызстандын” лидери Канатбек Исаевди деле азырынча мэр катары көрүүгө болбойт. Себеби, эртеңки күздө болчу жергиликтүү шайлоолордон кийин мэрлик кресло кайрадан талашка түшөөрүн билип турган Исаевдин “рисковать” этип мындай кадам таштоосуна духу жетиши күмөн жаратат. Мэр болгон күндө да кокус, жаза тайып күздө жаңы келчү депутаттардан колдоо таппай калса, ай талаада калаары бышык. Амбициясы аттын башындай саясатчы үчүн бул өтө оптурталдуу, а эгер өзүнө ишенип, күзгө чейин “көчүгүн” бекемдеп алчу болсо, анда эле андан ары даңгыр жолго түштү дей бер.

Мындай учурларда ар кандай кырдаалдардын болуп кетишин эске алып, буктурмада оңтой учурду күтүп жатышы мүмкүн болгон “замандашчы” Жамалбек Ырсалиевдин жылдызы жарк деп жанып кетиши да толук мүмкүн болууда. Себеби, Ырсалиевдин чоң саясатта азырынча амбициясы байкалбайт, чарба, уюштуруу иштерине, ким болбосун, чиренген чиновниктерден тарта көчөдөгү карапайым адамдарга дейре тил табышып кете турган жөндөмгө ээ экенин шаардык кеңештеги кесиптештери билет. Экинчиден, “Замандаштын” фракциялар арасында ачык-тымызын тилектештери бир топ. Үчүнчүдөн, кийинки күздө күтүлүп жаткан президенттик шайлоодо “Замандаш” менен эсептешүүгө кызыкдар күчтөр көп.

Булак: INTER.KG

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу