ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
10/02 10:39
 

КРдин футбол боюнча командасы Сочидеги бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат

10-февраль. Мелдешке 15 жашка чейинки өспүрүмдөр катышат. Апрелге чейин тандоо түрү өтүп, андан соң финалдык беттештер жүрөт.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сочиде өтчү экинчи бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештердин оюнуна — өспүрүмдөрдүн эл аралык спорттук беттешине катышарын Росскызматташуунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 23-29-апрель күндөрү Сочи шаарында өтөт.
Беттеш эки бөлүктөн турат:
• Биринчиси — тандоо туру (өлкөлөр арасында команда түзүү);
• Экинчиси— финалдык бөлүк.
Кыргызстандан барган команда кичи футбол боюнча мелдешке катышат (сегиз өспүрүм).
Курама командага тандоо туру 13-20-февраль күндөрү Бишкек шаарында өтөт.
Тандоо турун уюштурууну "Россиялык жердештер уюму" коомдук бирикмеси өз мойнуна алды.
Катышуучулардын жаш курагы 15 жаш.
Мелдештин чыгымдарын Росскызматташуу төлөп бермей болду.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу