ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
09/02 12:16
 

Кубанычбек Кулматов кызматтан кетти

9-февраль. Бийликтеги ишенимдүү булактардын билдиришинче, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов өз арызы менен кызматтан кетти. Кулматов иштен кеткенин “Азаттыкка” тастыктады жана жакынкы убакта маалымат жыйын өткөрөрүн айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр 24-декабрда жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында, мэрдин ишинин жыйынтыгы январь айында караларын билдирен. Анын шаарды таштандылардан арылтуу боюнча чечимин гениалдуу деп атаган. Андан мурдараак Атамбаев Кулматовду таштанды маселеси боюнча кескин сынга алган жана жыл этегине чейин мөөнөт чектеген.

Кубанычбек Кулматов Кулматов Бишкектин мэри болуп 2014-жылдын башында шайланган эле. Ага чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, Бажы кызматынын башчысы болуп иштеген. (EBM)

Булак: “Азаттык”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу