ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
08/02 15:59
 

Саякбай манасчыга арналган киносценарий сынагында Эрнест Абдыжапаров жеңди

8-февраль. Сынак өткөн жылдын соңу менен жарыяланган. Жалпы жонунан сегиз сценарий түшүп, аларды 13 кишиден турган калыстар тобу баалаган.
Улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналып тартылуучу тасманын сценарийлер сынагында биринчи орунду режиссер Эрнест Абдыжапаров ээледи. Бул тууралуу "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү Улан Исмаилов билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак өткөн жылдын этеги менен жарыяланып, 25-январда арыздарды кабыл алуу аяктаган.
Буга чейин тасма тартуунун демилгечиси болгон "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун жетекчиси Самат Ибраев конкурска жалпы жонунан сегиз сценарий түшүп, аны 13 кишиден турган калыстар тобу баалай турганын билдирген.
Сынактын байге фондусуна жети миң доллар бөлүнүп, биринчи орунга үч миң, экинчи орунга эки миң жана эки үчүнчү орунга бир миң доллардан байге каралганы айтылган.

"Биринчи орунду Эрнест Абдыжапаровдун тасмасы ээледи. Экинчи орун берилген жок. Үчүнчү орунду манасчылар Рысбай Исаков менен Улан Исмаиловдун биргелешип жазган сценарийи ээледи", — деп айтылат билдирүүдө.
Шарт боюнча эми жеңишке жетишкен сценарийдин негизинде тасманын толук сценарийи жазылмакчы.
Залкар манасчы тууралуу тасма 2017-жылы даяр болот.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу