ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
08/02 12:20
 

Спайс боюнча быйыл Бишкекте 2 факт катталып, кылмыш иши козголду

8-февраль. "Спайс маңзаты боюнча быйыл борбор калаада 2 факт катталып, кылмыш иши козголду. Өткөн жылы 4 факт катталган, бирок ал учурда спайс баңгизат катары мыйзамга киргизиле электигине байланыштуу кылмыш иштери ачылган эмес. Негизинен аталган зат Кытайдан алынып келинет. Өлчөмү 450 граммдай болуп калат". Бул тууралуу бүгүн, 8-февралдагы маалымат жыйынында ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Рыспек Үмүталиев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан кыргыз жеринен табылган баңгизаттар Казакстанга, андан ары Орусияга ташууга аракет кылгандардан алынат. Ал эми өлкө аймагында 2014-жылга салыштырмалуу былтыр баңгизаттарга байланыштуу кылмыштар 6,1 пайызга азайган.

Булак: “Супер Инфо”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу