ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
06/02 14:14
 

Малайзиянын жогорку окуу жайлары кыргыз жаштарын бекер окутат (толукталды)

6-февраль. Малайзиянын "KolejMentari" университетинен окуй турган Кыргыз Республикасынын 10 студентин өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги тандайт.
Муну бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы консулу Куштарбек Шамшидов билдирди. "Кыргыз студенттерин тандап алуу жол-жоболору азыркы учурда такталууда. Тандалган 10 студент малайзиялык жогорку окуу жайдан толук бекер билим алмакчы, окуу жайга тапшырып жаткандагы документ иштериндеги төлөмдү кошпогондо. Жатакана үчүн, тамак-ашына студент өз жанынан төлөйт. Учурда бул орунду көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат",- деп билдирди консул.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин демилгеси менен аталган малайзиялык окуу жай кыргыз өлкөсүнүн студенттери үчүн 10 орун бөлгөнү жакында белгилүү болгон.
Окуунун шарттары төмөнкүдөй:
Сунушталган курс: Илимий фонд
Узактыгы: 1 жыл
Бардык семестр: 3
Берилчү сыйлык: KolejMentari Малайзиянын квалификациялоочу агенттиги жана Жогорку билим берүү министрлиги тарабынан аккредитацияланган.
Бекитилген код: MQA/FA 2794
Сунушталган курс: Компьютердик криминалистикадагы диплом
Узактыгы: 2 жыл, 3 ай
Бардык семестр: 7
Берилчү сыйлык: KolejMentari Малайзиянын квалификациялоочу агенттиги жана Жогорку билим берүү министрлиги тарабынан аккредитацияланган.
Бекитилген код: MQA/PA 3178
Сунушталган курс: Ислам банкынын диплому
Узактыгы: 3 жыл
Бардык семестр: 6
Берилчү сыйлык: KolejMentari Малайзиянын квалификациялоочу агенттиги жана Жогорку билим берүү министрлиги тарабынан аккредитацияланган.
Бекитилген код: MQA/FA 2794
Сунушталган курс: Бизнес администрациясындагы диплом
Узактыгы: 2 жыл
Бардык семестр: 6
Берилчү сыйлык: KolejMentari Малайзиянын квалификациялоочу агенттиги жана Жогорку билим берүү министрлиги тарабынан аккредитацияланган.
Бекитилген код: MQA/PA 3176
Сунушталган курс: Корпоративдик коммуникациядагы диплом
Узактыгы: 2 жыл
Бардык семестр: 6
Берилчү сыйлык: KolejMentari Малайзиянын квалификациялоочу агенттиги жана Жогорку билим берүү министрлиги тарабынан аккредитацияланган.
Бекитилген код: MQA/РA 3177
Сунушталган курс: Мультимедия жана анимция жасоодогу диплом
Узактыгы: 2 жыл, 3 ай
Бардык семестр: 7
Берилчү сыйлык: KolejMentari Малайзиянын квалификациялоочу агенттиги жана Жогорку билим берүү министрлиги тарабынан аккредитацияланган.
Бекитилген код: MQA/РA 4961
Сунушталган курс: Маркетингдеги диплом
Узактыгы: 2 жыл
Бардык семестр: 6
Берилчү сыйлык: KolejMentari Малайзиянын квалификациялоочу агенттиги жана Жогорку билим берүү министрлиги тарабынан аккредитацияланган.
Бекитилген код: MQA/РA 5038
Сунушталган курс: Англис тилин берүүдөгү диплом
Узактыгы: 3 жыл
Бардык семестр: 6
Берилчү сыйлык: KolejMentari Малайзиянын квалификациялоочу агенттиги жана Жогорку билим берүү министрлиги тарабынан аккредитацияланган.
Бекитилген код: MQA/РA 5084
Сунушталган курс: Атайын муктаждыктардагы диплом
Узактыгы: 2 жыл 3 ай
Бардык семестр: 6
Берилчү сыйлык: KolejMentari Малайзиянын квалификациялоочу агенттиги жана Жогорку билим берүү министрлиги тарабынан аккредитацияланган.
Бекитилген код: MQA/РA 4960
Сунушталган курс: Туризм менеджментиндеги диплом
Узактыгы: 2 жыл, 3 ай
Бардык семестр: 6
Берилчү сыйлык: KolejMentari Малайзиянын квалификациялоочу агенттиги жана Жогорку билим берүү министрлиги тарабынан аккредитацияланган.
Бекитилген код: MQA/РA 4959
Иш-чарада студент өзү тандаган кесип боюнча экзамен тапшырууга катталат. Ал каттоо төлөмүн, сынак үчүн төлөмдү, Малайзиянын билим берүү кызматы үчүн төлөмдү студенттик төлөмдү төгүшү керек.
Маалымат үчүн: "KolejMentari" 1999-жылы негизделген жеке менчик жогорку окуу жай. Башында маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар тармагында билим берүүгө багытталса, 2006-жылы өзүнүн Укук мектебин ачкан. Ал эми 2007-жылы Бизнес мектеби, андан кийин Илим жана маалыматтык технологиялар мектеби ачылган.

Булак: “Супер Инфо”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу