ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
05/02 14:41
 

"Центерра" компаниясынын Директорлор кеӊешинин айрым мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз берди

5-фвраль. "Центерра Голд Инк" компаниясынын Директорлор кеӊешинин "Кыргыз алтын" компаниясы тараптан мүчөлөрү Калыйнур Садыров менен Эмил Орозбаев өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз берди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин "Республика – Ата Журт" фракциясынын кезектеги жыйынында "Центерра Голд Инк" компаниясынын акцияларынын кошумча эмиссиясы боюнча маселе каралып жатканда белгилүү болду.

"Кыргыз алтын" компаниясынын төрагасынын орун басары Бектур Сагыновдун пикиринде, Калыйнур Садыров менен Эмил Орозбаев Директорлор кеӊешинин кыргыз тараптын таламын талашкан мүчөсү катары өздөрүнө тагылган милдеттерди толук аткара алган жок. "Кыргыз тарап "Центерра Голд Инк" компаниясынын Директорлор кеӊешинин акцияларынын кошумча эмиссиясын чыгаруу чечимине каршы болчу. Алар Директорлор кеӊешинин калган мүчөлөрүн ынандыра алган жок", - дейт ал.

"Центерра Голд Инк" компаниясынын Директорлор кеӊеши 4 миллион 600 миӊ кошумча акция чыгаруу чечимин кабыл алган. Азыр ал акциялардын бир бөлүгү чыгарылды, дагы бир бөлүгү сатыкка даярдалууда. Мындай кошумча акцияларды чыгаруу "Центерра Голд Инк" компаниясынын акцияларынын кунунун бекемделишине терс таасирин тизгизет. Ошондон улам, мамлекеттик үлүштөгү "Кыргызалтын" компаниясы мындай кадамга каршы болгон.
"Центерра Голд Инк" компаниясынын Директорлор кеӊешинде кыргыз тараптын үч мүчөсү бар. Эгерде Калыйнур Садыров менен Эмил Орозбаев ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулса, бир гана мүчө – Кылычбек Шакиров калат. Ошондон улам, азыр бош орундарга сынак жарыяланып, жаӊы талапкерлер тандалууда.

Белгилей кетсек, "Центерра Голд Инк" компаниясы 2015-жылы "Кумтөр" кенинен 16,2 тонна алтын казып алган.

Булак: «Супер инфо»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу