ММК KG тууралу

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
04/02 16:24
 

Футбол боюнча улуттук курама эл аралык рейтингде 105-орунду ээлеп, жаңы рекорд жаратты

4-февраль. КРнын футбол боюнча улуттук курама комасы Эл аралык футбол федерациясынын 4-февралда жаңыланган рейтингинде 105-орунду ээледи. Бул көрсөткүч менен курамабыз эгемендүүлүк тарыхыбыздагы жаңы рекордду жаратты.
Аталган федерациянын расмий сайты кабарлагандай, жаңыланган рейтингде Кыргыз Республикасынын курамасы 2 орун алдыга жылды. Буга курамабыздын акыркы 2 айда бир дагы беттеш өткөрбөгөнү жолтоо боло алган жок. Рейтингдеги өзгөрүү Либия жана Никарагуа курамаларынын өз ордуларын сактап кала албаганы менен байланыштуу.

Кошумчалай кетсек, декабрда курама 108-орунду ээлеп, 2006-жылы коюлган өз рекордун жаңылаган (рекорд 119-орун болуп келген). Январь айындагы рейтингде болсо 107-орунга улуттук курамабыздын аты жазылган.
Азия чөлкөмү боюнча рейтингде курамабыз 14-орунду ээлеп турат.
Рейтингдин алдыңкы сабында дагы да болсо Бельгия, Аргентина жана Испания курамалары жайгашкан.
Кийинки жолу рейтинг 3-мартта жаңыланмакчы.

Булак: “Супер инфо”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу