27.12.2016, 12:48

Жармастан: Сайказан жармачылары баштык күтүшүүдө

Жармастан: Сайказан жармачылары баштык күтүшүүдө

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

АТШ деген мамлекет бар. Анын президенти Доналбек Трант дегендин боюнун узунун ушундан билгиле, мойну булуттардын арасында жүрөт имиш. Шаты менен чыгып барып да көрүүгө мүмкүн эмес дейт эргулуңду. Атүгүл океан да араң эле тизесинен келээрин АТШнын басма сөздөрү дүңкүлдөтүшүүдө. Ошол Доналбек Трант боюна жараша берекелүү неме көрүнөт, бүт дүйнөдөн конок чакырыптыр. Эң кызыгы, ошончо кишиге бир эле дасторкон жайып тосом деп жатыптыр.

Анан бу Доналбек Трант баягы Жарасул Гамзатов айтмакчы анча-мынча акын чалыш, анча-мынча актер чалыш, анча-мынча куудул чалыш, бир сөз менен чыгармачыл берен окшойт, чакыруу кагазына мындай деп ыр жазыптыр. Жазганда да өкүм менен келбесеңер “бовойт” дептир:

Ааламдын түркүн элдери,
Айтканыма көнгүлө!
Бир дасторкон жаямын,
Баарыңды конок аламын,
Бириң калбай келгиле.

Тамаша салчу тазын кел,
Тамакка тойбос жашың кел.
Токсон литр вискини,
Тоготпогон машың кел.

Айнып келбей койсоңор,
Алты жүз катын бей өкмөт,
Айдатып барып каптатам.
Ары-бери жүгүртүп,
Ак үйүң алдың таптатам.

Кат Сайказан жармачыларынын кызуу талкуусун жаратты. Акыры барбай коюп балээсине калганча Доналбек Транттын ашын аямак белек дештиби Айдулла Ышанов менен Күлгүнжан Олдобаеваны жөнөтүштү. 120 жармачы Айдулла акени жаңы көргөнсүп жанынан өтүп бир карап, айланып өтүп бир карап, бу түрүнө караганда атайы чакырып алып Доналбек Транттын өзү уят болуп калаар бекен деп санаага батышып, анан мындан эчтеке артпайт го дештиби кандай, Олдобаеванын колуна 120 баштык карматышты... Ошону менен Сайказан жармачылары баштык күтүшүүдө.