22/12 15:46
 

Ухтунг... Ухтунг... Жармастан радыясынын түшкү уктуруулары

 Ухтунг... Ухтунг... Жармастан радыясынын түшкү уктуруулары

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Кагазда калган компания

Жармастандын жарандык учак компаниясы “Уктатып алпарабыз”, “Ойготсок омурткабыз сынсын”, “Жүгүңөрдү бекер ташыйбыз” деп эле жар салып жүрчү. Анан дагы “Учсаңар Жармастандын асманы менен учкула, көзүңөргө бир гана көп-көк асман, койдой жуушаган ак булуттар, анан ак булуттун ар жагынан жердеги койчунун ак боз үйү көрүнөт...Экзотика!”,-дешип, бүт ааламдын учактарына кол булгалап чакырып жатышчу. Баарынан кызыгы “минтип кыйкырдык” деп кагазга жазып коюуптур. Ашбакан Сооротбай Жээнэлболотов ошол кагазын окуп, адегенде кубанганы менен иш жүзүндө кылдай иш кылышпаганын көрүп катуу капа болду. Атүгүл ыйлап жибере жаздап, өзүнүн Аш бакан экени эсине келди окшойт, айласыз тим болду. Эми кебетеси Жармастандын жарандык учак компаниясын жалпайта чабышат окшойт. Барскан менен былчыйтабы, кетмен менен жаткыра чабабы анысын ачык айтышкан жок.

Кыз ала качсаң Кыр Шиберге айдаласың

Жармастандын айрым жигиттеринин бир жаман адаты бар. Өздөрү кызды көргөндө сүрдөгөнүнөн кыр аша качышат. Анан алтоо-жетөө ууру мышыктай аңдып келишип, ала качып кетишет. Үйлөрүнө баргандан кийин жамбаштарына жаргылчактын ташын байланып алган кемпирлер эр болсоң мени аттап өтүп кет деп, кызды чыгарбай босогого отуруп алышат. Ошентип бечара кыз “таш түшкөн жеринде оор” теориясына баш ийип, отуруп калууга аргасыз. Сайказан жармачысы Күннуру Жетибаеванын назик жүрөгү мындайга чыдабайт көрүнөт же ала качкан жигиттерде абалтадан өчү барбы кандай, “Кыз ала качууга кырк үйдөн тыюу” мыйзамына ала качкан жигитти айып пул салып эле жайына койбой, андан ары Кыр Шиберге айдатуу демилгесин көтөрүп чыкты. Бул мыйзам өтсө ала качкан жигиттер Кыр Шиберге бекер путевка менен жөнөтүлөт дейт жармачы Күннуру Жетибаева.

Жаман бийчиге шымы мышайт

Жармачы Аппакбек Ипрамов “жөө жүргүнчүлөр жолдон шыр өтүп кетпей, анын натыйжасында унаа тыгыны пайда болууда”, - деп чыкты эле, анысы интернет желелеринде желдей тарады. Аны окуган бирөө “жаман айдоочуга шымы мышайт” деп жазып ийиптир. Жармачы Аппакбек Ипрамов бул сөздүн маанисин билип берүүнү өтүнүп, тил комиссиясына кайрылды. Ал жактан жооп келе элек.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу