19/12 10:52
 

Ухтунг... Ухтунг... Жармастан радыясынан уктурабыз

Ухтунг... Ухтунг... Жармастан радыясынан уктурабыз

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Кой, уй, төө, бээ+эшек министрлиги дейби...

Сайказан жармачылары Жармастандын Кой, уй, төө, бээ министрлигинин малды кантип асылдандыруу керектиги тууралуу маалыматын угушту. Ага караганда 525,5 миң долларга чет өлкөлүк кеңешчилер келип, уйду кантип сааш керек, койду кантип жайыш керек, атты кантип токуш керек, кайсы жагынан миниш керек, каякты карап миниш керектин, буга кошумча бука, теке, айгыр, буура тууралуу маалымат беришип, алардын айырмасы эмнеде жана кайсы жагында экендигин да окутмай болушуптур. Буга Жармастандын кой, уй, төө, бээ министрлиги каршы эместигин, эгерде сабактан качпай жакшы окусак кийинки жылы 5 млн доллар бөлүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Бирок, Сайказан жармачыларынын бири: “Ат мингенди, уй, койду жайганды биз деле билчү эмес белек?! А көрөк ошол акчаны башка максаттарга жумшасак болбойбу?” - деген суроосуна, аталган министрликтин өкүлү “аныңар эл аралык стандартка жатпайт” деп жооп берди.

Ошондой эле, Сайказанда Жармастандын Кой, уй, төө, бээ министрлигин мындан ары “Кой, уй, төө, бээ+эшек” министрлиги кылып кайра түзүү демилгеси айтылды. Себеп дегенде быйыл Жармастан Жутайга 600 эшек экспортко чыгарыптыр. Кийинки жылы анын санын 4000ге чыгаруу тууралуу келишимге кол коюлгандыктан, Сайказан жармачылары эшектин экспортун көбөйткөндүгү үчүн аталган министрликке “+эшек” дегенди кошумчалайбыз деп жатышат.

Жол салган жагынан Итлерге жетпейт экенбиз

“Чата-Мекен” жарпиясынын жармачысы Ахадыр Сулейман IX жол курган жагынан Итлерге жетпейсиңер деп Жармастанды жол министрин жарга такады. Көрсө Итлер шүмшүк бир тыйыны жок туруп, согуш маалында күзгүдөй жолдорду салдырыптыр. Мындай мисалды укпаган бечара Жол министри жарым саат тилден калды. Бирок тили чыкканда Сайказан жармачылары тарап кеткен болчу.

ЖТРК кустурду

Кечки тамакта колбаса жеп атып телевизор кое койгондорду ЖТРК каналы кустурду. Ал колбаса кандай малдын этинен жасалып жатканын көрүшкөндөрдүн көбү окшуп, айрымдары тез жардам чакырып, кыйсыпыр түшүп калды. Бүгүн Иштептин Башкы ветврачынын орун басары Шаман Кыдыков андай факт болгонун танган жок. Ага кошумча андай этти саткандар авчарка менен изделип атканын билдирди...Учурда Иштептин ар кайсы жеринде авчарканын арсылдаганы угулууда. Табышса эле Жармастан радыясынан дароо жар салабыз.

Жармачыларды “эптеп”, тоюсь “эмдеп” кете жаздап....

Азыр грипп маалы. Кимдир бирөө Сайказан жармачыларын 700 эле сом берсеңер эгерим оорубас кылабыз деген экен, Жалтырбек Токтобоев деген жармачы бирдемеден шек алганбы, айтор Жармастандын ден соолук министринен “гриппке каршы эмдегениңер канча турат?”,-деп сурады эле, анысы 300 сом деди. Муну уккан Жалтырбек Токтобаев токтоосуз чуркап чыгып, жанагы 700 сомго эмдеп берем деген эргулду сыйпалап таппай калды. Ошону менен жармачылардын ден соолугуна ким кооптуу жагдай жаратканы, тагыраагы алардын эсебинен ким байыгысы келгендиги боюнча иликтөө башталды.

34 директор оптом бошоду

Жармастандын Алас облусунун 34 мектеп директору, бирдей эле саатта, бирдей эле мүнөттө, ошол эле секундада иштен айдалды. Анын себебин бул мектеп директорлору жумуштарын таштап, Шам үйгө оптом арызданууга жөнөп кетишкендиги менен түшүндүрүшүүдө. Ошентип бул күн Жармастандын тарыхына 34 директордун оптом бошотулган күнү катары кирмей болду.

Ушуну менен Жармастан радыясы уктурууларын аяктайт. Эфирден жолукканга чейин эсен-аман туруңуздар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу