01/12 14:34
 

Жармастан: “Колба сүйүүсү” химиялык процесси

Жармастан: “Колба сүйүүсү” химиялык процесси

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Химия деген илим бар. Анда молекулалары, атомдору, нейтрондору шайкеш келген суюктукту бир колбага куюп чайкап жиберсең, башка бир зат келип чыгат. Көзүңө бирде кызыл, бирде жашыл, бирде сары болуп көрүнөт.

Жармастандын саясатчылары деле ошондой. Таңкалычтуусу алардын молекулалары, атомдору, нейтрондору дайыма бир-бирине бап келип турат. Кайсы бийлик же жарпия болбосун кошулуп кете беришет. Кээде туруп-туруп эле тескери реакция жүрүп кетип, молекулалары ажырап, атом, нейтрондору түртүшүп, анын кесепетинен аллергия оорусуна чалдыгып, акыры бөлүнүп кетмейлери бар. Мындайда Шам үйдөн тез жардам чакырып “бийлик” деген антибиотик сайдыра салбасаң сайда санын, кумда изин таппай каласың.

Кечээ “Жумгурият-Хата-Журт” аталган Ба-Баңовдун жарпиясынан “Хата-Журт” жарпиясы кантип бөлүнүп кеткенин билбей да калдык. Аны саясатчы Булдурсун Ашиев химиялык тескери реакция процессин жүргүзүп жиберип бөлүп чыкты. Жармастандын саясатчыларынын дүйнөлүк саясатка кошкон чоң салымы ушул - “колба сүйүү саясаты”. Ага жараша ар бир жарпиянын бирден колбасы бар. Сыртына “бардан жок болбойт, жоктон бар болбойт” деп кара сыя менен ийреңдетип жазып алышкан. Колбасы жок жарпияны өз катарларына кошо беришпейт.

Ошентип саясатчы Булдурсун Ашиев “Хата-журттун” колбасындагы суюктукту “Жалпы Жармастан” жарпиясына кошуп жиберди эле “каймакка куймак кыйгандай, калмакка нике кыйгандай” жарашып жатып калышты. Буга мындай кошулуп-ажырашууларга өзүнүн деле эсеби жетпей калган, жаак чечен Жадахан Адабаров, анын “Жалпы Жармастан” жарпиясы абдан ыраазы.

Анан мындай “ысык” күндөрдү белгилеп коелу дештиби “Колба сүйүүлөрүнүн” урматына маалымат жыйын өткөрүштү. Жөн өткөрбөй азыр жарпиясы жок, өздөрүнүн тили менен айтканда бир клеткалуу (кайсы жарпия болсун кошула берет, бирок бир эле клеткасы калгандыктан өз алдынча жарпия ачып кеткенге жөндөмсүз) Аппакбек Келгеновду ортого алышып, кайта-кайта сүрөткө түшүп “үчөөбүз баш коштук” деп жар салышты. О-уу, сүйүүнүн күчү керемет дегендей толкундап кетиштиби кандай “арабыздан бирөөбүз Баш бакандыкка барат” дешип кыялданып да коюшту.

Мурда буларды эл укчу. Бирок ушинтип эле бир-бирине кошулуп, кайра ажыраша бергендиктен көңүл деле бурбай калышкан. Анын үстүнө булардыкы бар болгону “Колба сүйүүсү” экенин билип жатышпайбы.

Ошону менен “Хата-журт”+“Жалпы Жармастан” дешип, колдору жеткен дубалдын бооруна жазып, үндөрү жеткен жердин баарына кыйкырып атышат. Ага эч ким деле таң калган жок...Жармастандыктарды мындай саясаттагы химиялык процесстер жадатып бүткөндөй.



Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу