25/11 18:19
 

Ух-Тунг… Ух-Тунг… Жармастан радыясынан уктурабыз

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Домкрат көтөрө албайт дейт

Сайказандагы Социал Домкраттар жарпиясынын лидери Ыйса Көмүркүлов Жармастандын “Ит-бекер -Үй” салгычтарынын акесин таанытмай болду. Көрсө булардан кредитинин үстөгү жылына 12 пайызды түзөт экен. Ыйса Көмүркүлов бир түндө бүт дүйнөнүн “Ит-бекер -Үй” программасын барактап чыгып, мындай домкрат көтөрө албаган пайызды эч жерден таба албаптыр. Кокус байкабай калбайын деп аңчылык чоң дүрбүсү менен караса да таппай коюптур. Ошону менен эгерде пайыздарын кайра карап чыкпаса “Ит-бекер-Үй” салгычтарды чилдей таратып жибере турганын айтты.

Аты уйкаштын азабы

Сайказанда Албар Картыков деген жармачы бар. Ушул жармачыны азыр апаптап жатышат. Анткени Жармастандын кадрларын тейлеген кызматы “50 обьектини декларацияга киргизбей эмнеге катып жүрөсүң” деген кат жиберген экен, ошону окуп алып, өң-алеттен кетип, аз жерден жүрөгү кармап кала жаздаптыр. Дагы жакшы Башкы быркыратура Албар Картыков деген Сайказан жармачысына “жөн эле аты уйкаш” башка бирөө экенин айтып чыгып кичине эс алып калды..Учурда улам-улам суу жутуп, өзүнө келип калганын Сайказандын басма сөз кызматы тастыктады.

4 миң сомдук рецепт

Сайказандын кезектеги жыйынында Жармастандын Пенсия башчысы Тегизбек Апкапаров 4 миң сом пенсияга төгүл-чачыл жашоого мүмкүндүгүн билдирди. Мунун уккан жармачылар катуу кызыгып калышты. Көбү ишенген жок. Бирок бир аздан кийин 4 миң эмес, 40 миң сомду айына жеткире албай аялынан тил угуп жүргөн немелер, Пенсия башчы Тегизбекти тегеректешип, бирдемелерди чиймелеп жазып алышты. Кебетеси рецепт жазып алышты окшойт. Аны Жармастанга жарыялап чыгышабы, жокпу күтө туралы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу