21/11 10:11
 

Жармастан: Кнопка... Бекер самолет...

Жармастан: Кнопка... Бекер самолет...

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн

Жармастан саясый партиялардын саны боюнча Гиннестин китебине кандидат. Бир катталганда 187 партия катталып, дүйнөнүн оозун ачырган. Бул тууралуу өзүбүздүн саясат таануучу “Революциялык өнүгүү” деген 9 томдук китеп жазып, анысы аш бышымда тарап кетип, Гиннес китебинен келгендер “бизден мурда чыгарып ийдиңер” деп таарынып, каттабай кетип калышкан. Бирок партиялар азыр эволюциялык жолго түшүп, көпчүлүгү эки кыштан чыкпай калып, бир кыйла саны азайып, кичине кулак мээ тынчый түшкөнсүдү.

Азыр Жармастанда шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат. Айрыкча Иштеп шаарынын элинин көңүлүн алып, эптеп шайланып кетсек дегенде партиялардын эки көздөрү он сегиз болуп турган чактары.

Кечээ Жармастандын КЖРК (Кызыл жашик радио телевидениеси) теле каналы Иштеп шаарында ат салышып жаткан 14 саясый партиялардын айрым өкүлдөрүн чакырып, теле дебат өткөрдү. Бу партияларың куу экен. Жармастандыктардын ырды жакшы көрөрүн билип чыкканы эле төгүп атты.

№1 - партия: - Иштептин жолу пробка,
Биздин сунуш кнопка.
Кнопканы басасың,
Машинаң учуп көкөлөп,
Кыйналбастан тыгында,
Кыйшайып үйдө жатасың...деп чөнтөгүнөн кызыл кнопканы алып чыгып көрсөтүп, “ушуну машинаңарга коюп алсаңар учуп эле каласыңар, баарыңарга бекер таратып беребиз”,- деп турду.

№ 2 –партия: - Эл турмушун ойлонуп,
Эртели кеч жашыйбыз.
Апкелип бекер самолет,
Астановкада тургузбай,
Ары-бери ташыйбыз.

№3- партия: - Жармастанды биз деле.
Жаныбыз менен сүйөбүз.
Үйсүз жашап далайлар,
Үшкүрүп жүрөт билебиз.
Алты жүз миң ак чатыр,
Алып келип тигебиз.

№4 - партия: - Итке болуп таланды,
Иштептин ичи караңгы.
Мындайда биздин партия,
Унутмак беле силерди.
Айды алып кел мында деп,
Алты киши жиберди...дей салды....Кудай жалгап дал ошол маалда жарык өчүп, КЖРК каналы да жалп өчтү...Өх, дедик...Булар эмнени айтып атышат жарык күйгөнчө ойлонуп албасак болбойт окшойт.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу