31/10 15:31
 

Жармастан: Балыктын жеми халалбы, жокпу?

Жармастан: Балыктын жеми халалбы, жокпу?

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастандын Сайказан жармачылары кыялкеч. 120 жармачы кезеги менен очокко отту таштап коюп, мындай күндөрү шарактатпай жай кайнатып, кайсы бир жармачынын асмандап учкан кыялын укканды жакшы көрүшөт. Кызыгы кыял дегениң деле жармачылардын башына өзү келе койбойт. Аны Жармастандын бүтүндөй мамлекеттик органдары шыбырап турушу керек.

Мамлекеттик органдар жармачыларга кыр ашпаган кыялын айтып келгендиги үчүн, ал эми жармачылар “кыр ашыр” деп бекитип бергени үчүн мамлекеттен олчойгон жалыйна алышат, оңго-солго ойкуштап жүргөн машина минишет, ичине улак тартсаң жарашчудай мамлекеттин үйлөрүндө жашашат.

Ушундан улам “жармачыда миң кыял, ал кыялды ким тыяр” деген статья чыккан. Баары мыйзамдуу. Аны жанагы Сайказандын Башкы рецептин түзгөн Эчкибаев киргизген. Ошону менен жармачы өз кыялы үчүн өмүрү жооп бербейт. Бербегенден кийин асмандын башын канчалык айтса, ошончолук абройу артып турат.

Бүгүн Сайказан жармачылары адаттагысындай очокко отту тутантып, ким эмне идея, эмне кыял айтаар экен деп турушса “Балык башы” мамлекеттик кызматынын башчысы келип калбаспы. Бул кызмат “Балык башынан сасыйт” деген теорияны жокко чыгарыш үчүн түзүлгөн. Анткени, “башынан” деген сөз Сайказан башчыларына жакчу эмес. Ошону менен “Балык башы” мекемеси “Орусияга жылына 1000 тонна балык экспорттосо болот” деген кыялын айтканы келиптир.

Муну уккан Сайказан жармачылары толкуп кетишти. Ар кимиси ар кандай суроолорду жааадыра баштады:

Жармачылар:

- Башка мал өтпөсө балык да болсо экспортко чыгаралы!

- Аны байлаш керек анда! Балыктарың семизби?

- Баса балыктын ич майы укмуш да. Чучук жасаса болобу? Силер эмне
ошону ойлонбойсуңар. Кайра иштетип майын чучук кылып чыгарсаңар канчалык пайда?

Мындай суроону күтпөгөн бечара “Балык башы” мекемесинин башчысы “балык деген сууда жүрөөрүн, казы-карта чыкпасын, бирок чоңойсун, семирсин деп атайын көлмөлөрдөгү балыкка кезек-кезеги менен жем чачып тураарын айтты эле бир жармачы:

- Мына көрдүңөрбү жем берет экен! Ай анан халал жем берип атасыңарбы?

“Балык башы” мекемесинин башчысы: - МММ... Мен ошону тактайынчы... Эми сырттан келген ар кандай жемдерди чачып атышат....

Жармачылар:

- Ошону тактап алып келбейсиңби?
-
- Маселени кичине ойлонуп, бышырып келиш керек да!
-
- Сайказан, анын жармачылары сага тамашабы? Же биз ойноп отурабызбы?

Ошону менен бечара “Балык башы” мекемесинин башчысы балыкка халал жем берип атабы же башкасынбы тактамакка жөнөп кетти. Тактап келсе эле балыкты экспортко чыгарып баарыбыз жыргап калчудайбыз.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу