26/10 17:49
 

Жармастан: Өзүмбектин коонун жесең, кой байла

Жармастан: Өзүмбектин коонун жесең, кой байла

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастандын Өзүмбекстан деген кылымдан берки коңшусу бар. Биз ак калпак кийсек, бу коңшуларыбыз ала допу кийишет. Ошол допусун жатса да чечпейт, турса да чечпейт. Анан алтымыш допу карыткан дешип, аксакалдарын алдынан өтпөй сыйлап турушат. Биз төрт түлүк малыбызды айдап жайлоого чыкканды жакшы көрсөк, булар жакада калып дыйканчылык кылганды жакшы көрүшөт. Өздөрү жеткен аскиячыл эл. Биз тамаша десек алар аския дейт. Ар күнү чайханага чогулуп, белдерине байлай келген кетмендей нанды алып чыгып көк чайдан ичип аския айтышат. Жайлоодон түшкөнчө коңшуңду сагынасың да. Малыңды ыкыйта семиртип жайлоодон түшүп келатсаң аңыздын жээгинде коон, дарбыздарын дардайта семиртип, өзүмбек коншуң күтүп отурган болот.

Тилиң кычышып тийише баштайсың. Алар деле тийишпей өтпөсүңдү билет.
- Салам кошуна?! Отурупсуң ат үркүтчүдөй болуп!
- Ваалекү салам кү. Өзүң ям кела ятыпсың каун йүркүтчүдөй боп!
- Кой ээ, кошуна коон дагы үркмөк беле?
- Ээ, ынамасаң түшүң, йүркүп кетмасын йеп байлап койдүм кү...

Анан басып барып чынжыры үзүлө элек коондон бирди көтөрүп келип сое баштайт. Анысын да тим эле кой союп берип аткансып чоң каада менен соет. Жармастандыктар да өзүмбек коңшусунун бул сыйынын маанисин жакшы билет. Куйругу кучак коюн карматат...
Кылымдан бери эле ушундай сыйда келатканбыз. Бирок эгемендик жылдары эки коншу элдин ортосу сууп кетти. Катташпай да калганбыз. Чатак көбүнчө чек ара жерлеринен чыгып келет. Жакындан бери Өзүмбекстан коңшубуз ийге келе баштады. Чек арасын кенен ачып, канча жылдан бери көрүшпөй калган коңшулар, куда-сөөктөр катташып, алыш-беришибиз артып, жыргап эле калдык.

Баса, өткөндө Жармастандын чоңдорун конокко чакырып, коон-дарбызын көзүнө карабай союп, катуу сыйлашкан. Жармастандын “Өзүмбектин коонун жесең кой байла” деген макалы бар. Анысы “сыйга-сый, сыр аякка бал” дегени. Убакытты көп созбой биз дагы чакырдык. Өзүмбек туугандарыбыз да кадимкисиндей сурнай-кернейин тартып келип беришти. Учурда байыркы Хош шаарынын төрүндө сый көрүп жатышат. Баладан чоңго чейин жүгүрүп, конок тосуп атабыз. Коңшулардын сыйлашып турганы кандай жакшы...

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу