20.10.2016, 18:22

Жармастан: Эшек эпопеясы

 Жармастан: Эшек эпопеясы

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастандын Жутай деген кылым коңшусу бар. Аны “уй түгүндөй көп жутай” ырга да кошуп жиберишет. Аныгында эле ошондой. Буларың алыскы-жуук сапарга чыкса жандарына кол казандарын байлана чыгышат. Үйлөрүнөн башка эч нерсе албайт. Эмне жеп, эмне коем деп да баш оорутпайт. Алдынан курт-кумурска, жылан чыгабы аларга баары бир. Ошол казандарына чыркырата кууруп жеп кете беришет.

Коңшу болгондон кийин Жармастанга да келбей коймок беле, келишкен. Келмек турсун Жармастан жылына 12 миң чет элдикке келип иштегенге квота берсе, анын 10 миңин жыл сайын ушу жутайлар жулуп кетишет. Ошону менен Жармастанда эмне көп, жутай көп. “Ордой” базарына барсаң деле жутай, жол салган да жутай, кен казган да жутай.

Алгачкы жылдары жанагы жол салган жутайлар эшегиңди минип эпейип кетип баратсаң, эшегиңден көздөрүн албай уурттарынан шилекейлери агып карап эле калышчу. Ичибизден эшек көргөн немелерби дечүбүз. Кийин билбедикпи, бу жутайларың эшектин эти дегенде эт-бетинен кетишет турбайбы.

Башталды анан. Башталганда да эшек эпопеясы башталды. Биринчи эпопеясында эшектин баасы асмандап, жутайлардын жумуруна кете баштады. Акчага муктаждар эшегин өздөрү айдап барып беришчү болду. Жармастанда илгери жылкы тиймей деген өнөр бар эле. Алты кыр ашып барып, ал жактагылардын жылкысын тийип келсең баатыр аталчусуң. Ал баатырлардын айрымдарынын ысымдары азыр да көчөлөрдү көрктөп турат. Эмки заманда эшек ууру же эшек сойгуч деген кесиптер чыкты. Жармастандын милициясы атыңарды айтып койгула, элге эшек баатыр деп жарыялайлы десе айтпай атышат.

Эшек эпопеясынын экинчи этабында эшектин эти калып, терисине өтүштү. Азыр жутайлар адал малыңдын терисин албайт. Бирок эшегиңдин терисин тирүүлөй сыйрып кеткенге даяр. Анан калса эшекти эки мүнөттө союп, терисин сыйрып жутайларга пулдап жиберчү эрендер чыкты арабыздан. Эки чакырым жерден эптеп суу ташып келип, эмгеги адал, эти арам жаныбарга ыраазы болуп, эми эс ал деп аңызга айдап ийсең, эртеси териси сыйрылып, темтейип жатканын көрөсүң. Билбегени бит жутайлар, эшектин терисин эмне кылат десе, өңдү жашартуучу бет май жасап, ааламга таратып жатышкан тура. Аны да интернет болбосо билмей калмак экенбиз. Баса, Жутайга көп каттачу бир ишкердин кырк үчтөгү аялы, өзү билбей ошол бет майдан көп шыбанып жүрчү экен, жыйырма бирдеги керилген келинге айланып, күйөөсү башкага тийип кетпесин деп экинчи жолу нике кыйдырганын да интернет деген балээ жар салып чыкпадыбы.

Жакындан бери эшек эпопеясынын үчүнчү этабы башталды. Жармастан эми Жутайга эшекти тирүүлөй экспорттогонго өттү. Былтыр 600 эшекти айдап чыгып беришиптир. Аны да “ай туяктуу мал” деп кагазга адалдап жазып беришкенин кантесиң.

Ошентип Жармастан эшек эпопеясынын өнүгүш доорунда жашап жатат. Аягы кандай бүтөт айтыш кыйы-ын.