17/10 13:01
 

Жармастан: “Дамбал-4” илимий ачылышы

 Жармастан: “Дамбал-4” илимий ачылышы

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастандын чек ара кызматы ачылыш жасады. Азырынча эмне ачылыш экенин өздөрү деле түшүнбөй турган чагы. Жармастанда мурда дамбал деген кийим кийишчү. Көбүнчө абышка-кемпирдин кийими болчу. Аны ич кийим катары эсептешип, дамбал кийип бирөөлөргө көрүнүү уят катары саналчу. Бирок, эгемендиктин эртеси эле жараб деген элден ошондой дамбалдарды сүйрөлтүп көчөгө кийип алган, сакал койсо муруту жок, мурут койсо сакалы жок кишилер келип каптап кетишкен. “Ушу кантип болсун, муну биз көчөгө кийбейбиз” десек, “бул биздин улуттук кийимибиз” дешкен. Анан башка улуттун кийген кийиминде эмне ишибиз бар деп тим болгонбуз.

Ошентип, Жармастандын чек ара кызматы аэропорттон Жарабияга учканы жаткан эки жаранды кармады. Баягыдай балпалактаган шым кийип, баштарына ак чалмадан чалып алыптыр дейт. Бирок кыраакы немелер булардын жүргөн турганынан шек алып калышат. Туруп-туруп эле тырманып калышат дейт, кашынып калышат дейт, секирип-мөңкүп кетишет дейт. Жармастан кылым кечип, доор карыткан маданияттуу эл. “Эмнеге антип жатасыңар?” ,- деп сый кишилерден сурабайт да.

Ошону менен не кылар экен деп учакка отурганына чейин көз салып турушса, учакка кирип эле дамбалдарынан бирдемени алып чыгышып, кол куржундарына сала коюшуп, “өх”,- деп отуруп калышыптыр. Чек арачылар: “Эмнени салып ийишти?”,- деп текшерип көрүшсө, Жармастандын Кызыл китебине кирген төрт шумкардын канатын таңып, башына томого кийгизип, ак дакиге аябай ороп куучуйта таңып, алып чыгып баратышыптыр дейт. Анан атайын жайга алып барып, дамбалдарын чечтирип көрсө, шумдугуң кургурдуку ичи бүт эле чөнтөк экен дейт.

Көрсө булардын дамбалы эмне эле балпалактайт десе, ички чөнтөгүнө бирдеме салып коюп, жүрө беришет турбайбы. Ошентип, дамбалдын сыры ачылды. Ага илимде “Дамбал-4” деген атайын ат беришти. Төрт дегени жанагы төрт шумкардан улам чыкты.

Баса бул эки жаран жанаарак эмне эле кашынып атат десе, биздин шумкарлар өздөрүн уурдап баратканын сезишип, тигилерди аэропортко келгенде чокулай башташкан тура. Анан шумкардын бычактай тумшугу оңойбу, чокулап жиберишкенде кашынып, туйлап, секирип кетип жатышкандыктары ошондон болуптур. Эмнеси болсо да шумкарлар өз жерибизде калды. Ал эми “Дамбал-4” илимий ачылышы Обель сыйлыгына көрсөтүлүп жатыптыр деп да угуп калдык.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу