11/10 17:35
 

Жармастан: Жармастандын жомогун окуса болот, бирок андагыларды жасаганга болбойт

Жармастан: Жармастандын жомогун окуса болот, бирок андагыларды жасаганга болбойт

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшош болушу мүмкүн.

Жармастандыктар жомокту укмуш айтышат. Айтканда да укмуштуудай салыштыруулар менен айтат дейсиң угуп эле тургуң келет. Атүгүл эсиң чыгат. Мисалы, киндиги темир Китен алп, маңдайы темир Маңкуш алп, кулагы темир Кутан алп дей баштаганда, көзүңө эбегейсиз дөөлөр элестеп, кирериңе жер таппай кайдагыны баштап алган жомокчуну эртерээк эле бүтсө экен деп турасың.

Бирок, Жармастанда жомокту тегин айтышпайт. Сөзсүз себеби болот же турмуштан алынган каарманы болот. Ааламда бүгүнкү күндө деле мындай козголуп кетсе жер чайпалып, океандар оодарылып кеткен дөө мамлекеттер жашайт. Алардын бири АТШ. Ал океандын ары жагындагы мамлекет. Анын чоңдугун ушундан билгиле океандын суусу тизесине да жетпейт. Башына жылдыз чаар калпагын калдайта кийип, колуна узун шапалак алып, бу ааламдын элин кааласа ары айдайт, каалабаса бери айдайт.

Буга бир гана Жармастанга жакшы көзү менен карачу Чоң чөмүч Болушия деген мамлекет каш кайтара алат. Болушия аталып кеткени дайым бирөөгө болушуп, анан “арачыга алты таяк” деп көзү башы көгөрүп эле жүрөт. Ага деле болбойт. Анан калса ага өздөрү келип тийишет. Эки кылым мурда Жавропа тараптан Аполион деген алп чыгып, күрөшөм деп келип күлгө чабылып, өлдүм-талдым дегенде качып кутулган. Бир кылымдан кийин Итлер деген итирейген тарамыш неме келип, Болушия уктап атканда баса калып тумчуктурам деп тумшукка жеп, турган жерден сөөгү күлгө айланып жок болгон. Бирок Аполион менен Итлер келгенде эки дөө жөөлөшсө, ортодо кара чымын кырылат болуп, миллиондогон элдер набыт кеткен. Ошон үчүн дүйнө эли мындай дөөлөрдүн жөөлөшүнөн дайыма эстери чыгып турат.

Азыр да ошондой абал. АТШ Сивия деген өлкөнүн падышасы Асаб дегенди жек көрөт. “Домкратияны” белекке жиберсем албайсың деп кыйкымдап, 5 жылдан бери бул өлкөнүн ичин токсонго бөлүп бир-бири менен кырылыштырып койгон. Оу-уу бу АТШнын амалы күч. Адегенде салтка айлангандай ошол домкратия дегенин жөнөтөт. Анысы почтадан келеби же аба аркылуу келеби, айтор келип калмайы бар. Домкратиясы жанагы "домкрат" болуп жүрбөсүн деп, ар нерсени көтөргүң келет. Өзгөчө мамлекетиңдин кыйшайып турган жагын көтөрө баштайсың. Анан көтөрүлүп баратып урап түшүп, чаң чыгып эле жатып калат. Чаң тарагандан кийин карасаң баары кыйраган. Аны карап турган АТШ мыйыгынан күлүп “эми бул акчаны менден карызга алып, кайра мен айткандай куруп чыгасың”,- дейт. Же куруп бүтпөйсүң, же карыздан кутулбайсың. Ошон үчүн АТШ “домкратия” жиберди дегенди укканда, “бечара ал өлкө кыйраган тура”,- деп түшүнүп калышты дүйнө эли.

Сивия да ошондой кыйын кырдаалда калды. Акыры айласы кетип, жардам сурап Чоң чөмүч Болушияга кайрылган. Болушия андай жерден аянбаган курч неме. Баягы уча турган ат минип абадан кол салуучу Жармастандын жомогундагы Коңурбай дөөнүн ыкмасына салып, учактары менен асмандан аткылап, Сивиядагы сакалчан террористтерин сакалып бирден терип жиберген. (Айтмакчы, Коңурбайдын бул ыкмасын бул колтойгон өлкө, уялбай этпей эле академиясында алты жыл окутуп келет).



АТШ мына ушерден чатак чыгарды. “Сен Сивияга домкрат көтөрүп баргандардын деле сакалын жулуп атасың, көзүңдү карабайсыңбы?”,- деп Болушияны айыптады. Болушия “андай болсо аларыңа ак чапан кийигизип, сакалын кырдырып бөлүп кой, эгерим атпайм”,- десе АТШ ынабай атат.

Ошону менен Болушия АТШыны “Билгениңди кылып ал!”,- деди. АТШ “Кылса кыламын!” деп жатат. Эки дөө этегин белине кыстарып, жеңдерин карыга чейин түрүп бир-бирине аңдып калышты. Дүйнө эли ортодогу кара чымын болгусу келбей, булардан чочуп турат. Баштарына муздак суу куюп, кичине эстерине келтирейин дейсиң, булардын башына жетчү шаты жок...Ааламда абал ушинтип курчуп кетти. Буларың “Жармастандын жомогун окуса болот, бирок андагы окуяларды жасаганга, кайталаганга, туураганга болбойт”,- деген тээ II кылымда айтылган накыл сөздү эстерине албай жатышпайбы...Аны эске албагандын арты жакшы болчу эмес эле.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу